13-14-февралда Казакстанда бий спорту боюнча “Love Story-2016” Эл аралык мелдеши болуп өттү. Мелдешке Казакстан, Кыргыз Республикасы, Орусия жана Өзбекстандын түрдүү жаш курагындагы спортчулары катышты. Мелдеште мамлекетибиздин атынан барган спортчулардан 5 жуптук алтын медаль тагынышты. Бул тууралуу КРнын Бий спорту боюнча федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, түрдүү жаш курактарында Асан Турсуналиев жана Сезим Алыбаева жуптугу, Илья Чжао жана Вероника Тян жуптугу, Данил Чжао жана Азиза Жолдошева жуптугу, Кайрат Алгадаев жана Елизавета Макарова жуптугу, Никита Герасименко жана Кристина Мельникова жуптугу алтын медалдарды тагынышты. Ал эми күмүш медалды Данил Чжао жана Азиза Жолдошева жуптугу өз эсебине жазды. Коло медалдарды болсо Руслан Чжао жана Нагима Чалбаевадан турган жуптук менен Тимур Вагизов жана Даяна Маматбековадан турган жуптук багындырды.