Интерпол аркылуу 4 жылдан бери "адам өлтүрүүгө аракет жасоо" беренеси менен издөөгө алынган кыргыз жараны Орусиядан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 2011-жылы декабрь айында катталган. Анда 24 жаштагы Ф.Солиев жергиликтүү тургунду өлтүрүүгө аракет кылып, бир нече жолу бычак менен сайып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Бул факт боюнча "адам өлтүрүүгө аракет жасоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. 2012-жылы Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан ага карата издөө жарыяланган. Ал табылбай, кийин ага Интерпол линиясы аркылуу эл аралык издөө жарыяланган.
"2012-жылдан бери издөөдө жүргөн кылмышка шектүү Мурманск шаарынан кармалды. Учурда аны кыргыз жерине экстрадициялоо боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө", - деди Осмонбаев.