Футзал боюнча Азия чемпиондугу-2016: Кыргыз футзалчылары бүгүн Азиянын 10 жолку чемпиону Иранга каршы турушат

Бүгүн, 17-февралда футзал боюнча Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунун чейрек финалдык оюндары өтөт. Мелдештин бул баскычына Таиланд, Вьетнам, Япония, Австралия, Өзбекстан, Кыргыз Республикасы, Иран жана Ирак курамалары чыккан.

Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, кыргыз футзалчыларынын бул күнкү атаандашы Азиянын 10 жолку чемпиону Иран курамасы болмокчу.

Чейрек финалдагы атаандаштар жана оюн сааттары (Бишкек сааты боюнча):

17:00. Өзбекстан — Ирак

17:00. Таиланд — Австралия

20:00. Иран — Кыргыз Республикасы

20:00. Япония — Вьетнам

Бул беттештерде жеңип чыккан командалар жарым финалга чыгып чектелбей, Колумбияда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышуу укугун алышат. Утулуп калган 4 команданын эң мыктысы дагы Дүйнө чемпиондугуна катышуу укугуна ээ болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
arap00
2016-02-17 09:43:09
Ийгилик жылмайса дуйно чемпионун да утса болот. Бирок ийгилик жылмайбайтат деп журо бербей аракет да кылыш керек. Эмнеси болсо да Алга жигиттер алар деле биздей адамдар.
+1
dajjal
2016-02-17 10:49:36
Allga jigitter iygilik allahim jenishti nasip kilsin bizge
0
i4peit_4ekpeit
2016-02-17 11:16:08
Кыргызстаааааааан))))
0
arman00
2016-02-17 11:24:32
zawita menen kontr ataka menen oynoytgo iygilik
0
Umar080814
2016-02-17 12:54:39
Толкунданып жатам жеңиш бизге жылмайсын.
0
Patriot..kg
2016-02-17 13:58:02
Урааа! Эми эптеп утуп алсаңар анан...
0
Eko
2016-02-17 14:46:37
Kaysı kanaldan berip jatat. Aytıp koygulachy suranych
0
warsaw.
2016-02-17 15:53:00
Eko, КТРК СПОРТтон

Өзбекстан,Тайланд,Иран,Япания чыгышы мүмкүн
аа эң мыкты команда деп КЫРГЫЗСТАН чыгышын каалайм

слга КЫРГЫЗСТАН
0
tynkatar03
2016-02-17 19:56:28
Эми жазып турбайсынарбы туугандар иран менен эмне болуп жатат. Же баштала элекпи я.Айтып тургула.
0
jigit.paren
2016-02-17 20:01:43
Ири эсепте утулбай 1:2 менен утулуп же утуп дүйнө чемпионатына чыгышса экен.
0
Ertuugan
2016-02-17 20:04:52
ozbekter irakty 3:0esebinde uttu, tailand kuramasy australiany6:1esebinde utup qeirek finalga qykty. azyr kyrgyz jigitteri iranga karshy oinop jatat
0
warsaw.
2016-02-17 20:18:34
уже 2-0 иран алдыда 6,7- минутада 2 грл сокту
иран чындыгында Азиянын 10 жолку чемпион экенин көрсөтүп жатат.
0
kgalik
2016-02-17 20:28:02
айтып тургула
0
Ertuugan
2016-02-17 21:06:03
60-minutka kadam koidu,0:6menen utulup jatabyz
0
dajjal
2016-02-17 21:33:57
7:0 JENILDIK
0
Umar080814
2016-02-18 00:08:54
Тууй ата
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан