16-февралга караган түнү Европадагы эң ири клубдар аралык ири мелдеш – Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычында эки беттеш орун алды. Анын бири Париж шаарында, бири Лиссабондо болду.
Португалиялык "Бенфика" өз үйүндө орусиялык "Зенитти" кабыл алып, акыркы мүнөттө жеңиш голун киргизгенге жетишти. Буга коноктордун коргоочусу Доменико Кришитонун кызыл айып кагазын алып, майдандан четтетилип калганы өз таасирин берди.
“БЕНФИКА” (Португалия) – “ЗЕНИТ” (Орусия) - 1:0
Гол: Жонас (90-мүнөттө)
Ал эми Франциянын чемпиону ПСЖ бул баскычта Англиянын өткөн сезондогу чемпиону “Челси” менен беттешери мурунтан белгилүү болчу. Бул командалардын оюнунда ПСЖ жеңишке жетерин көпчүлүк болжогон, себеби "Челси" өткөн сезонго салыштырмалуу быйыл жакшы оюн көрсөтө албай жатканы эч кимге сыр эмес. Париждиктердин чабуулчулары Златан Ибрагимович менен Эдинсон Кавани командасына ийгилик алып келип, жооптук оюн алдында эсеп жагынан гана эмес, психологиялык артыкчылыкка да ээ болушту.
ПСЖ (Франция) - “ЧЕЛСИ” (Англия) - 2:1
Голдор: Златан Ибрагимович (39-мүнөттө), Эдинсон Кавани (78-мүнөттө) - Жон Оби Микел (45-мүнөттө).