II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну-2016: Жаңы курулуп жаткан ат майдан 10 миң көрүүчүнү батыра алат

Быйыл сентябрь айында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөрүлөт. Мелдешке азыркы маалда кызуу даярдык көрүлүп жатат. Учурда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жаңы ат майданды кайра куруу иштери башталды. Бул ат майдан 10 миң көрүүчүнү батыра алат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов билдирди.

Маалым болгондой, ат майдандын бийиктиги 5 кабаттуу имараттын бийиктигине барабар болот. Ошондой эле ат чабылчу жай, унаа токтотуучу жай, чакан ресторандар эл аралык стандартка жооп бермекчи. Бул жайды 15-августка чейин бүткөрүү пландалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
SHATY
2016-02-17 11:52:50
Жакшы, буйурса Чолпоната гүлдөйт.
+3
bosmos777
2016-02-17 11:59:01
Жумушчулардын айлык маянасы убагында болсун!!! Биринчи кочмон оюнундаагы даярдыктагыдай болбосун!!Айлыкты бул берет,ал берет дебей!!Кыргыздар арызданат экен деп. арзан кытайды алып келбесин.Азыркы каатчылыкта акчаны кытайдан карызга алса да! Оз калкыбызды жумуш менен камсыздообуз керек!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан