Быйыл сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөрүлөт. Бул мелдешке карата Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жаңы ат майданын кайра куруу иштери башталды. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов билдиргендей, имаратты кайра курууга 480 миллион сом сарпталат. Каражаттын орусиялык ири ишкана, жергиликтүү ишканалар, жеке ишкерлер жана өкмөттөн алынары маалым болду.