Талас ОИИБинин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Талас райондук социалдык фонд башкармалыгынын жооптуу жана жеке бөлүмүнүн кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2012-2015-жылдар аралыгында аталган башкармалыктын кызматкерлери жарандарга укук берүүчү расмий документтерди жасалмалашып, аларды пайдаланууга шарт түзүп беришкен. Натыйжада башка мамлекеттин аймагына кирүүгө тыюу салынган Талас облусунун 72 тургуну аты-жөнүн өзгөртүп, чет мамлекеттерге кайрадан чыгууга мүмкүнчүлүк алышкан. Алардын ичинен 21и өлкө аймагынын чек арасынан чыгып бараткан учурларында кармалышкан.
Факт боюнча "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.