Кикбоксинг боюнча Орусия - Кыргыз Республикасы тирешинде 4 кыргыз кикбоксчусу рингге чыгат

19-февралда Орусиянын Пермь шаарында кикбокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Анда Орусиянын жана Кыргыз Республикасынын спортчулары өз ара беттеш өткөрүшөт. Бул мелдешке 4 кыргыз мушкери катышат. Алардын бири Уланбек Касымбеков SUPER.KG порталына билдиргендей, спортчуларыбыз Орусияга жөнөп кетишти.
Алардын катарында Уланбек Касымбеков (57 килограмм салмакта), Аскат Акмырзаев (75 кг), Сергей Смирнов (86 кг) жана Сыргак Сагынбай уулу (75 кг) сыяктуу спортчулар бар. Алардын атаандаштары Пермден чыккан атактуу спортчулар болушмакчы.
Орусиядагы мелдешке Алексей Федосеев дагы катышмак. Бирок спортчу порталыбызга атаандашынын жаракат алып калганын, уюштуруучулар ага аз убакыт ичинде атаандаш таба албаганын айтып берди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Patriot..kg
2016-02-17 17:02:06
Ийгилик
+1
MuslimNur95
2016-02-17 18:50:53
Ийгилик кик боксчулар баарынар да кыйынсынар 1 орунду кутуп калабыз
+1
Rifle_2
2016-02-17 21:59:29
Ийгилик каалайбыз. Ули бияктан колдоп турабыз !!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан