Бүгүн Чемпиондор Лигасында "Реал" футболдук клубу конокто италиялык "Рома" менен кез келет (анонс)

Бүгүн, 17-февралда футбол боюнча европалык ири мелдеш - Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычында 2 беттеш орун алат. Бул күнү "А" тайпасынын жеңүүчүсү "Реал" конокто "Е" тайпасында жеңүүчү аталган "Рома" менен кез келет.

Экинчи беттеш "Гент" жана "Вольфсбург" командаларынын ортосунда болот. "Гент" тайпалык баскычта "Лион" (Франция) жана "Валенсияны" (Испания) артта калтырып, плей-офф баскычына чыккан. "Вольфсбург" болсо атактуу англиялык клуб "Манчестер Юнайтеддин" мелдештен четтеп калуусун шарттаган.

"РОМА" (Италия) - "РЕАЛ" (Мадрид, Испания)

Стадион: "Олимпико" стадиону, Рим шаары
Калыс: Павел Краловец (Чехия)
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)

"ГЕНТ" (Бельгия) - "ВОЛЬФСБУРГ" (Германия)

Стадион: "Артевельдестадион" стадиону, Гент шаары
Калыс: Свейн Моэн (Норвегия)
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
NuRba.97
2016-02-17 17:47:37
Реал Мадрид
+3
Adiyu
2016-02-17 17:49:57
Суперстан, силерден сураныч, ктрк спорт бул беттешти коргозобу? Же жокпу? Маалымат берип коесуздарбы?
0
Patriot..kg
2016-02-17 17:52:42
Adiyu,көргөзбөйт экенго
0
Patriot..kg
2016-02-17 17:52:19
Алга Реал Мадрид! Роналдудан 1 гол күтөм.
0
Nusii
2016-02-17 18:01:19
КТРК Спорт каналы коргозбойт! Ал Испания чемпианатын жана Германия чемпианатын! Футзал боюнча Азия чемпиондугун коро аласыздар !
0
take.kg86
2016-02-17 18:18:05
Рома 1-3 Реал мадрид
0
Sunrice
2016-02-17 19:18:29
Админ реал менен романы беттешыны ктрк спорт корсотобу
+1
beku5761
2016-02-17 21:09:33
корсотпойт, лицензия алыш керек корсотуу учун. лицензия алуу миллиондогон акча.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан