17-февралда футзал боюнча Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунун чейрек финалдык оюндары болду. Мелдештин плей-офф баскычында кыргыз футзалчылары Иран курамасы менен беттешип, 7:0 эсебинде утулуп калышты. Оюндун жүрүшүн атаандаштар толук бойдон көзөмөлдөштү.
Чейрек финалга чыккан 8 команданын ичинен Өзбекстан, Иран, Вьетнам жана Таиланд курамалары жарым финалга жолдомо алышты. Ал эми Япония, Австралия, Кыргыз Республикасы жана Ирак курамалары өз ара 5-орунду талашып, Дүйнө чемпиондугуна ойнотулуучу жолдомону алуу аракетин көрүшмөкчү.
Катталган жыйынтыктар:
Япония - Вьетнам - 4:4 (пенальтилер сериясы 1:2)
Иран - Кыргыз Республикасы - 7:0
Таиланд - Австралия - 6:1
Өзбекстан - Ирак - 3:0