Футзал боюнча улуттук курамдын машыктыруучусу: "Иранга каршы беттеште оюнчулар берилген тапшырманын 5 гана пайызын аткарышты"

17-февралда футзал боюнча Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунун чейрек финалдык оюндары болду. Анда кыргыз футзалчылары Иран курамасы менен беттешип, 7:0 эсебинде утулуп калышты. Беттеште эки команданын ортосунда чеберчилик жагынан чоң айырмачылык байкалып турду. Бул жеңилүүдөн кийин улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Андрей Полховский ой бөлүштү:

"Албетте, айта турчу сөз жок, себеби баарын эсеп тактасындагы сандар айтып турат. Эки команданын деңгээлинде чоң айырмачылык бар. Менин футболчуларым коюлган пландын 5 пайызын да аткара алышкан жок. Атаандашыбыз тууралуу жакшы билгенбиз. Ирандын командасы өтө мыкты команда. Аларды жеңиши менен куттуктагандан башка арга жок..."

Кошумчалай кетсек, бул мелдеште медалдардан тышкары Колумбияда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна 5 жолдомо ойнотулат. Бул жолдомонун төртөөнө жарым финалга чыккан Өзбекстан, Иран, Таиланд жана Вьетнам курамалары ээ болушту. Дагы бир жолдомону чейрек финалда утулуп калган Япония, Кыргыз Республикасы, Ирак жана Австралия курамалары өз ара талашат.

Кыргыз футзалчылары жолдомо үчүн бүгүн Япония курамасы менен беттешет. Беттешке Бишкек сааты боюнча 17:00дө старт берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Azim.00kg
2016-02-18 12:07:48
Силерге ишеничибиз чон эле. Япондорду женсенер зынк болот.
+5
BekAmir
2016-02-18 12:24:43
Умутту узбойлу. Ийгилик
+2
take.kg86
2016-02-18 14:28:00
Баары алдыда аллах өзү күч кубат берсин эми япондор менен болгон оюнуңарга
+2
ruslankg
2016-02-18 17:43:35
Жолдомону албасанар келбегиле кыргызстанга ушинсе жакшы ойношобу деймда)))
+1
ArgenMers
2016-02-18 17:47:57
Туугандар бугун Японияны утсак пол финалга отобузбу биз дагы
+1
dajjal
2016-02-18 18:26:32
2:0 yaponyani birinchi turda uttuk ekinchi turdu da jeneyli
+1
ArgenMers
2016-02-18 18:33:05
dajjal,Аа жакшы айтып тур
0
tynkatar03
2016-02-18 18:34:58
Жазып тургула жагымдуу жанылыктарды туугандар. Азыр эмне болду утуп жатабы биздикилер я.
0
Batken97
2016-02-18 18:59:26
Kyrgyzstan jendi 6-2 ge
+1
Batken97
2016-02-18 19:01:20
Barekelde ushundai oinoso bolot ekengo
0
Batken97
2016-02-18 19:03:38
Buiursa emi Avtralianu jensek kolumbiadagu duino chempionatuna barabuz Alga jigitter Alga kyzrgyzstan
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан