Таиланддагы күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбандары азырынча 1 күмүш, 2 коло медаль тагынышты

17-февралда Таиланддын Бангкок шаарында күрөш боюнча Азия биринчилиги старт алды. Мелдештин биринчи күнүндө кыргыз балбандары 3 медаль тагынышты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча 5 комплект медаль ойнотулду. Бул күнү кыргыз балбандарынан Мурат Рамонов 130 килограмм салмакка чейинки бөлүктө күмүш тагынса, Руслан Царев (75 килограмм салмакта) менен Үзүр Жузупбеков (98 килограмм салмакта) коло медалдарды тагынышты.

Мелдештин экинчи күнүндө дагы 5 комплект медаль ойнотулат. Бул күнү кыргыз балбандарынан Калыбек Жолчубеков (59 кг) жана Жанарбек Кенжеев (85 кг) финалда күрөшүп, алтын медалга аракет кылышмакчы. К.Жолчубеков финалда ирандык Саман Морад Абдоули менен беттешсе, Ж.Кенжеев өзбек балбаны Мухаммадали Шамсиддиновго каршы турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
MuslimNur95
2016-02-18 13:57:08
Алга жигиттер кыргызстан ким экенин корсоткуло, Алтын медал утунуздар ылайым
+1
dajjal
2016-02-18 13:58:46
iygilik Allah kuch kubat bersin
+1
temirlan85
2016-02-18 14:53:11
Жанарбек озбекти созсуз женишин керек,кыргыздын намысына дагы бир ирет жарап кой
+1
ruslankg
2016-02-18 17:23:19
Жанарбек сен созсуз женишин керек
0
Patriot..kg
2016-02-18 17:29:48
Жанарбек
Каныбек экөөң тең сөзсүз жеңгиле. Намыска туруп
0
arman00
2016-02-18 18:50:05
duynoluko joldomo alaby owondo admin malymat berinizder4i
0
Максат Кудайбердиев
2016-02-19 11:07:35
arman00, жок, Азия чемпионаты эч бир мелдешке жолдомо бербейт. Дүйнө чемпионатына кадимки тартипте улуттук курам барат
0
mamashov-emil
2016-02-18 19:53:12
bul chempionatda duinolukko joldomo oinolutulushu mumkun olimpiadaga oinotulbasa kerek dagy jakshi janylyk Kenjeev menen ZHolchubekov finaldyk meldeshterin utup altyn medal tagynyshty
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан