Бүгүн, 18-февралда Кыргыз Республикасынын Футболдук Лигасы 2015-жылкы өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын урунттуу учурларынан айрым маалыматтарды жарыялады.
Маалыматка таянсак, ТОП-Лигада өткөн сезондо эң көп күйөрман чогулткан беттеш "Алай"–"Дордой" беттеши болгон. Анда Оштогу А.Сүйүнбаев атындагы стадионго 5 миң күйөрман келген. Оюнда 3:3 эсебиндеги тең чыгуу катталган. Бул оюн өлкө чемпионунун аныкталуусунда тиешелүү ролду ойногон.
Кошумчалай кетсек, ТОП-Лиганын оюндарына кирүү акысыз болгонуна карабай күйөрмандар өтө аз санда келет. Бул жергиликтүү футболдун негизги көйгөйлөрүнүн бири десек болот.
ТОП-Лиганын оюндары менен улуттук кураманын Бишкекте өткөргөн оюндарын салыштыруу мүмкүн эмес. Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда улуттук курам Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн жылы 4 оюн өткөрдү. Австралияга каршы беттеште жалпысынан 18 миң күйөрман келсе, Тажикстанга каршы беттешке 17 600 күйөрман жандуу күбө болгон. Ал эми Иордания курамасына каршы беттешти көрүүгө 14 миң күйөрман келсе, Бангладешке каршы оюнда эң аз - 12 миң күйөрман келген.