Учурда Таиланддын Бангкок шаарында күрөш боюнча Азия биринчилиги болуп жатат. Мелдештин экинчи күнүндө кыргыз балбандары Калыбек Жолчубеков менен Жанарбек Кенжеев алтын медалдарды багындырышты. Бул күнү 5 комплект медаль ойнотулган. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Калыбек Жолчубеков (59 кг) финалда ирандык Саман Морад Абдоули менен беттешип, 9:4 эсебинде утуп алды. Жанарбек Кенжеев болсо финалда өзбек балбаны Мухаммадали Шамсиддиновго каршы турду. Кызуу өткөн кармашта кыргыз балбанынын пайдасына 3:2 эсеби катталып, спортчубуз Азия чемпиону аталды.