Бишкек - Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан 1 адам каза таап, 2 адам оор жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 381-чакырымында Кара-Көл шаарында болгон. Анда МАН үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Катуу соккудан улам Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусунун колу-буту сынып, баш мээси чайкалган. Унаанын 24 жаштагы жүргүнчүсү Эркинжан уулу Кубанычбек кырсык болгон жерден каза таап, экинчи жүргүнчүсү Мамытбек уулу Жеңиш оор абалда аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу эч кандай жаракаттарды алган эмес.