Футзал боюнча Япония курама командасынын башкы машыктыруучусу Мигель Родриго кызматынан кетти. Бул окуя Азия чемпиондугунун чейрек финалында утулуп калган 4 команда 5-орунду талашып, япон футболчуларынын кыргыз футболчуларына 6:2 эсебинде утулгандан кийинки мезгилге туура келди.
КРнын Футбол федерациясы кабарлагандай, ал оюндан кийин жеңилүү боюнча жоопкерчиликти өз моюнуна аларын билдирген. "Кыргыз футболчулары 2 голду киргизген соң, биз оюнга кайтып келе албай калдык. Беттеш биз пландагандай нукка бурулган жок",- деп кошумчалайт Родриго.
Кошумчалай кетсек, Ташкент шаарындагы (Өзбекстан) Азия чемпиондугунда чейрек финалда Иран, Вьетнам, Өзбекстан жана Таиланд курамалары жарым финалга чыгышкан. Чейрек финалда утулуп калган Кыргыз Республикасы, Ирак, Австралия жана Өзбекстан курамалары 5-орун ээсин аныктоо үчүн оюн өткөрүп жатышат. Бул орун ээси Колумбияда өтчү Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алат. Кыргыз футболчулары бул жолдомого ээ болуу үчүн чечүүчү беттеште бүгүн Австралия курамасына каршы турушат.