Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама Азия чемпиондугунда командалык эсепте 3-орунду ээледи

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курам Таиландда өткөн Азия чемпиондугунда командалык эсепте 3-орунду ээледи. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлады.

Маалыматка ылайык, командалык эсепте 1-орунду Иран курамасы багынтты. Ирандык балбандар 4 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль утушту. 2-орунду болсо 1 алтын, 1 күмүш жана 4 коло медаль тагынган Казакстан курамасы ээледи.

Эсебиндеги 2 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медалы менен Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы 19 мамлекеттин ичинен 3-орунга өз атын жазды. Эсиңиздерде болсо, Жанарбек Кенжеев менен Калыбек Жолчубеков алтын медаль тагынса, жалгыз күмүштү Мурат Рамонов камсыздаган. Коло медалдар болсо Руслан Царев менен Узур Жузупбековго таандык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
uragan007
2016-02-19 14:17:12
Азаматсынар жигиттер
+2
BARSBEK.KG
2016-02-19 14:20:00
Маашаллах азаматсынар балбандар!
+3
kaarman89osh
2016-02-19 17:04:57
Бизде эки алтын казактарда бир эле алтын менен экинчи орунду эледиби
+2
Ertuugan
2016-02-19 19:01:04
kaarman89osh,kazakhtar jalpy alty medal, bizdikiler besh medal.oshogo bolso kerek
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан