Тапанча менен коркутуп, акча талап кылуу фактысына шектелип шаар тургуну кармалды

Тапанча менен коркутуп, акча талап кылуу фактысына шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Чүй облусунун Т.Р. аттуу тургуну кайрылган. Ал 18-февраль күнү Бишкектеги Фрунзе жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинен 20-25 жаш чамасындагы жигит тапанча менен коркутуп, 1100 сом акчасын алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын А.У. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан