Футзал боюнча Азия чемпиондугу-2016: Иран жарым финалда Вьетнамды 13:1 эсебинде утту, финалда ирандыктарга Өзбекстан каршы турат

Өзбекстандын Ташкент шаарында футзал боюнча Азия чемпиондугу уланууда. Бүгүн, 19-февралда жарым финалдык беттештер орун алды.

Анда үй ээси Өзбекстан курамасы Таиланд менен кез келип, кыйынчылык менен жеңишке жетишти. Ал эми бул мелдеште бардык атаандаштарын ири эсепте утуп келе жаткан Иран курамасы жарым финалда да эч кыйынчылык көргөн жок. Алар Вьетнамды ири эсепте утуп, чемпиондукка олуттуу кадам ташташты.

Жарым финалдагы оюндардын жыйынтыгы:

Өзбекстан - Таиланд - 2:2 (пенальтилер сериясындагы эсеп - 3:1)

Иран - Вьетнам - 13:1

Кошумчалай кетсек, финалдык беттеш 21-февралга туураланган. Ушул эле күнү Таиланд жана Вьетнам курамалары 3-орун үчүн беттеш өткөрүп, коло медалдын ээсин аныкташат.

Футзал боюнча Азия чемпиондугу. Өзбекстан - Таиланд 2:2 (пенальти 3:1)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Azim.00kg
2016-02-19 21:58:50
Аябай тан калдым. Иран кучтуу экен.
0
warsaw.
2016-02-19 23:05:43
Azim.00kg,биздикилер жакшы 7-0 гө жеңилиптир аа, 13-1 ге караганда ...
Иран чемпион болот экенда анда Өзбекстанды да 5-0 гө жеңсе керек
0
Asadulla
2016-02-20 06:05:49
Azim.00kg,Иран ФИФА да жакшы ойнойт го футзал мне болуп калыптыр
-3
jeep9504
2016-02-20 12:11:49
Asadulla,фифа эмне? билсен футзал дагы ФИФА нын ичиндеги ассоция!!!
0
mr.sher
2016-02-19 23:04:44
Иран кучтуу команда Озбекистандагы кучтуу. Аябай кызыктуу оюн болотко
0
ruslankg
2016-02-19 23:21:33
Иран чемпион боль уго деп ой ло им озбекстанды финал женат чон айырма менен
0
Alpengold.
2016-02-20 00:10:35
Эгер таза оюн болсо Иран женет,бирок топ тоголок дегенда жери бар
+1
Zahovic
2016-02-20 02:31:48
Вьетнамдында тренери кетпесе болду! Иран узкелерди тытатко буйруса!
+1
312-banda
2016-02-20 04:03:32
Озбектер даны аябай кучу экен
0
insap
2016-02-20 09:34:14
Капырай, Ирандыктар өлө күчтүү екен го!!?...
0
Ruslan_d
2016-02-20 09:37:08
Озбек куйормандар биздин оюнчуларвбызды жакшы колдоп жаты. Оздорунун меймандостугун корсотуп ошого айтат экенда жаман улут жок жаман адам бар деп. Мен озбектерге болгон мамилем озгорду башта баарын жек корчумун негедир.
+6
abdislam
2016-02-20 10:28:36
Ruslan_d,озбекистандык озбектерге соз жок жоош момун...бирок биздин озбектер оло турган
+2
jeep9504
2016-02-20 11:57:31
озбекстан алга!!!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан