Кыргыз спортчусу Улукбек Жолдошбеков Таиландда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда коло медаль тагынды. Спортчу 57 килограмм салмакта килемге чыгып, алгач казак спортчусун, анан өзбек спортчусун утуп алды.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, ал жарым финалда түндүк кореялык Хак Жин Жонг менен кармашып, утулуп калды. Коло медаль үчүн күрөштө ал түштүк кореялык Сунгвон Кимди утту. Жыйынтыгында балбан 3-орунду ээлеп, эркин күрөш боюнча аталган мелдештеги алгачкы медалды тагынды.