Өткөн суткада өлкөдө 6 өрт кырсыгы катталып, Көпүрө-Базар айылында жаш баланын шоктугунан 1000 түк чөп күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 1, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы катталды. "Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылындагы үйлөрдүн биринин короосунда жыйылып турган миң түк чөп күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна жаш балдардын от менен ойногону себеп болгон",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан