Футзал боюнча Азия чемпиондугу-2016: Иран курамасы Өзбекстанды утуп, чемпион аталды

Кечээ, 21-февралда Өзбекстандын Ташкент шаарында футзал боюнча Азия чемпиондугу жыйынтыкталды. Мелдештин финалында Иран курамасы менен Өзбекстан курамасы беттешти. Беттеш курч мүнөздө өтүп, эки команда тең коргонууда мыкты ойноду. Өзбекстандын күйөрмандары беттеште тиешелүү деңгээлде командага колдоо көрсөтүп, өз милдетин аткарышты. Мунун жыйынтыгы оюндун жүрүшүнө таасир берип жатты.

Өзбек футзалчылары атаандашынын катасынан пайдаланып, беттеште эсепти ачты. Ал эми Ирандын жообу көпкө күттүргөн жок. Ирандыктар эсепти теңеп, психологиялык жактан артыкчылыкка ээ болушту. Көп өтпөй команда гол жагынан да алдыга чыкты. Жыйынтыгында Иран өз тарыхында 11-ирет Азия чемпиону аталды.

3-орун үчүн болгон беттеште Таиланд курамасы Вьетнамга кенедей да мүмкүнчүлүк калтырган жок. Беттеш 8:0 эсебинде таиланддыктардын жеңиши менен аяктады.

Өзбекстан - Иран - 1:2

Таиланд - Вьетнам - 8:0

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
MOHAX
2016-02-22 10:33:03
Билгем иран чемпион болушун
0
ruslankg
2016-02-22 15:28:13
Мен ойлогом озбекстан ири эсепте женилет деп кучтуу экен озбектерда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан