Футзал боюнча улуттук курам дүйнөлүк рейтингде 40-орунду ээледи. Рейтинг 22-февралда жаңыланып, курамабыз 7 орун алдыга жылды (буга чейин 47-орунду ээлеп келген). Ал эми Азия чөлкөмүнүн рейтингинде курамабыз 7-орунду ээлеп турат (буга чейин 6-орунду ээлеп келген). Бул тууралуу рейтинг менен алектенген сайттардын бири кабарлады.
Кошумчалай кетсек, 21-февралда Өзбекстандын Ташкент шаарында футзал боюнча Азия чемпиондугу аяктады. Мелдештин финалында Иран курамасы Өзбекстанды утуп, чемпион аталды.
Кыргыз футзалчылары мелдештин чейрек финалында Иран курамасына утулуп калышкан (7:0 эсебинде). Кийин Ирак, Австралия жана Япония курамалары менен 5-орунду талашкан (5-орун ээси Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алмак). Жыйынтыгында футзалчыларыбыз Япония курамасын утушканы менен, (6:2 эсебинде) Австралия курамасына утулуп (3:1 эсебинде), Дүйнө чемпиондугуна чыга албай калды.