19-февралда Орусиянын Пермь шаарында кикбокс боюнча эл аралык мелдеш орун алып, анда Орусиянын жана Кыргыз Республикасынын спортчулары өз ара беттеш өткөрүштү. Бул мелдеште 4 кыргыз спортчусу Орусиянын спортчуларына каршы турушту. Жыйынтыгында орусиялык команда жеңишке жетишти.
Кыргыз кикбоксчуларынан Улан Касымбеков 57 килограмм салмакта рингге чыгып, жеңишти камсыздады. Анын атаандашы Максим Вотев болду. Ал эми Аскат Акмырзаев 75 килограмм салмакта рингге чыгып, Александр Мухтаровго утулуп калды. Ушул эле салмак категориясында Сыргак Сагынбай уулу атаандашы Максим Смирновдун айласын таба алган жок. Сергей Смирнов 86 килограмм салмакта Ринат Ахметовго утулуп калды.