Жалал-Абад облусунун 35 жаштагы тургуну уурулукка шектелип кармалды

Жалал-Абад облусунун тургуну уурулукка шектүү катары Бишкек шаарынан кармалды. Муну 23-февраль күнү Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 20-февралында милицияга 22 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну С.Д. кайрылган. Анын айтымында, болжол менен саат 14:00дө белгисиз адамдар соода борборлорунун биринин жанында токтоп турган Хундай-Гетс автоунаасынан 22 000 сом акчасын жана ноутбугун уурдап кетишкенин айткан. Бул ишке шектүү катары 35 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну Н.Г. кармалган. Факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан