Таласта Жалпы дарыгердик практика борборунун эсепчиси милиция кызматкерине 25 миң сом пара берип жаткан жеринен колго түштү

Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун эсепчиси милиция кызматкерине пара берип жаткан жеринен колго түштү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, облустук прокуратура ИИМдин 5-бөлүмү менен биргеликте аталган борбордо текшерүү жүргүзүп жаткан. Анын жүрүшүндө башкы эсепчи текшерүүнү токтотуу үчүн милиция кызматкерине 25 миң сом пара сунуштаган. Ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында эсепчи 25 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды. 22-февралда Талас облусунун прокуратурасы тарабынан кылмышка шектүүгө карата "пара берүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond0202
2016-02-24 06:31:48
пара алып аткан адамда деле куноо болсо керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан