Таиланддын Бангкок шаарында өткөн эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбандары 1 күмүш, 3 коло медаль тагынышты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, күмүш медалды балбан Магомед Мусаев 98 килограмм салмакта багындырса, коло медалдарды Улукбек Жолдошбеков (57 килограмм салмакта), Саякбай Усупов (74 килограмм салмакта) жана Айаал Лазарев (120 килограмм салмакта) өз эсептерине жазышты.