Бишкекте коомдук унаада уурулук менен алектенип жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-февралда милицияга арыз менен 26 жаштагы А.Г. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал саат 18:30 чамасында белгисиз адам Горький көчөсүнөн №102-коомдук унаадан анын капчыгын, документтерин жана 4 миң сом акчасын уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 26 жаштагы Ж.Б. аттуу шаар тургуну кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.