"Тааныш кызын зордуктоого аракеттенген" деген шек менен 27 жаштагы борбор калаанын тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-февраль күнү милицияга арыз менен 21 жаштагы М.М. кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 08:00 чамасында үйүнө келген Нураалы аттуу таанышы күч колдонуу менен зордуктаганга аракет жасаганын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 27 жаштагы А.Нураалы аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.