"Футзал боюнча улуттук курам Ташкентте өткөн Азия чемпиондугунда континенттин учурдагы чемпиону Японияны утуп, сенсация жаратты. Бул жеңиши менен улуттук курамабыз Япония, Сауд Арабиясы, Катар, Кытай, Иордания, Малайзия сыяктуу экономикасы дүркүрөп өнүккөн мамлекеттерди артта калтырды",- деген оюн айтты Кыргыз Республикасынын Футзал ассоциациясынын президенти Канат Маматов.
Анын айтымында, учурда Азия чөлкөмүндө Кыргыз Республикасынан башка бардык мамлекеттер футзалды өнүктүрүүгө ири суммадагы каражаттарды сарптап, чет элдик машыктыруучуларды, оюнчуларды алып келишүүдө. Аларга көп суммадагы айлык акы төлөп жатышат жана залдарды курушууда.
"Дээрлик бардык мамлекеттер футзалды мыкты өздөштүрүштү. Биздин курамабыз мамлекеттен, жеке уюмдардан колдоо таппаганына карабай, эл аралык стандартка жооп берген зал жок экенине карабай Азия биринчилигинде ийгиликке жетишти. Кыргызстан Республикасы биринчиликке катышкан мамлекеттердин ичинен эл аралык мелдеш өткөрүүгө залы жок жалгыз курама болсо керек. Салыштырып караганда Тажикстанда 3 зал бар, андыктан биз улуттук курам менен сыймыктанышыбыз керек",- дейт К.Маматов.
Ошондой эле ассоциациянын жетекчиси башкы машыктыруучу Андрей Полховскийдин дарегине мактоо сөздөрүн айтты. "Машыктыруучубуз 2015-жылы футзалдын өнүгүшүнө зор салым кошту жана команданы континент биринчилигине тиешелүү деңгээлде даярдап чыкты. Оюнчуларга, машыктыруучуга жана атайын колдоп келген күйөрмандарга ыраазычылык билдирем",- деп кошумчалады ал.