Бүгүн, 23-февралда Бишкекте Япония маданиятынын жана искусствосунун жумалыгынын алкагында сумо спорту боюнча мэрдин кубогуна арналган мелдеш болуп өттү. Анда кыргыз спортчулары сумо курун курчанып, күч сынашышты.
Мелдеш салттуу түрдө алгач Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин аткаруу менен башталды. Андан соң Япониянын гимни обого жаңырды.
Мелдеште 8 комплект медаль ойнотулду. Кыз-келиндер арасында 60 килограммга чейинки жана 60 килограммдан жогоркулар арасында жеңүүчүлөр аныкталды. Ал эми уландар арасында 6 салмакта (60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, 100 килограммдан жогорку салмак) жеңиш ээлери белгилүү болду.
Бул спорт түрү боюнча федерация ишмердүүлүгүн 1995-жылы баштаган, андыктан бул спорт түрү боюнча өлкөбүздө профессионалдар жок. Мелдешке мурун кыргыз күрөшү, эркин күрөш жана дзюдо сыяктуу спорт түрлөрү менен машыгып келген спортчулар катышты. Алар кур курчанып, күрөшчү аянтка бир аз тартынып чыгып жатышты.
Азыркы учурда сумо боюнча өлкө чемпиондугу өтпөйт жана улуттук курам азырынча түзүлө элек. Бул спортчуларды башка спорт түрлөрү боюнча айрым мелдештерде көргөн болушуңуздар мүмкүн.
60 килограммга чейинки салмакта кыз-келиндер арасында Абдумалик кызы Самара жеңүүчү аталып, мэрдин кубогуна ээ болду. Күмүш медалды Азамат кызы Нурсулуу багындырса, коло медалдарды Кызжибек Рүстөмова менен Римма Ким тагынышты.
Ал эми 60 килограммдан жогорку салмакта Мээрим Нурадилова чемпион аталды. 2-орунду Надежда Гуляшенко ээлесе, 3-орунга Нуркыз Нурбек кызы менен Адинай Кадырова атын жазды.
Сумонун эрежеси өтө жөнөкөй. Балбандар ортого түшүп, бири-бирин жашыл сызыктан түртүп чыгаруу аракетин көрүшөт. Сызыктын ичинде кандай кармаш болбосун, спортчулардын бири сызыктан чыкмайынча жеңүүчү аныкталбайт.
Бул сүрөттөгү көрүнүштү түшүндүрүп өтөлү. Кармашта атаандашынын алдында калган балбан атаандашын сызыктан ары жулкуп ыргытты, бирок өзүнүн башы биринчи сызыктан чыкканына байланыштуу жеңилүүгө мажбур болду.
1 гана упай алуу максатында күрөшүп жаткан балбандар күрөштү 1 мүнөткө жеткирбей бүтүрүп жатышты.
Кармаш алдында жана кармаш бүткөндө спортчулар спорттогу гумандуулукту, атаандашка сый көрсөтүү эрежелерин эске алып, бири-бирине белги беришет.
Мэрдин кубогуна ээ болгон спортчулардын кубанычтарында чек жок.
SUPER.KG порталына 100 килограмм салмакта жеңүүчү аталган Чыңгыз Керимкулов бул спорт түрү боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди: "Мен эркин күрөш менен машыгам. Сумо менен эркин күрөштүн айырмасы өтө чоң. Эркин күрөштө 10 упайга чейин күрөшүп чарчайсың. Бул жерде 1 эле упай үчүн кармаш өткөрөбүз. Сумодо беттеш көпкө узабайт. Болгону мелдеш алдында салмак кошуп, мыкты даярдыкта болуш керек. Өзүм сумо боюнча мелдешке болгону 2-ирет катышып жатам".