Эрежесиз эр уруш. "Жылдын беттеши" аталып жаткан Конор Макгрегор - Рафаэль дос Аньос беттеши болбой калды

5-мартта АКШда эрежесиз эр уруш боюнча UFC-196 мелдеши орун алат. Бул күндүн башкы беттеши бразилиялык Рафаэль дос Аньос менен ирландиялык Конор Макрегордун ортосунда орун алмак. "Жылдын беттеши" катары жарнамаланып жаткан беттеште жеңил салмакта Дүйнө чемпиону аныкталмак.

Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, Рафаэль дос Аньостун машыгуу учурунда жаракат алганына байланыштуу бул беттеш болбой калды. Учурда уюштуруучулар Конор Макгрегорго атаандаш издеп жатышат, бирок 2 аптанын ичинде ким бул спортчуга каршы турууга макул болору белгисиз.

Кошумчалай кетсек, бул мелдеш алкагында ушул күнү кыргыз жеринен чыккан атактуу спортчу Валентина Шевченко да кезектеги беттешин өткөрөт. Ал 62 килограмм салмактык бөлүктө бразилиялык Аманда Нунез менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kamyr26
2016-02-24 13:27:33
Ушул мушташты коргум келип журду эле
0
eldiyarmacho
2016-02-24 14:29:21
Валентина га куч кубат берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан