25-февралда Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул мелдеште 12 кыргыз мушкери дагестандык спортчулар менен беттешмекчи. Беттеш алдында бүгүн, 24-февралда салмак өлчөө аземи болду. Азем алкагында спортчулар салмактарын гана көрсөтүп чектелбей, чогулгандарга шоу көрсөтүштү, эл алдында селфиге түшүштү жана бетме-бет келгенде түртүшүп кеткендер болду.
Кошумчалай кетсек, беттештер төмөнкү 6 салмак категориясында өтмөкчү:
61 килограмм салмакта
Алимардан Абдыкааров (Кыргыз Республикасы) - Жаффар Абдусаламов (Дагестан)
66 килограмм салмакта
Бусурманкул Абдубаит уулу (Кыргыз Республикасы) - Шах Маммаев (Дагестан)
Абдулгаджи Газиев (Кыргыз Республикасы) - Салавуддин Абушев (Дагестан)
Салмоор Эгешалиев (Кыргыз Республикасы) - Магомед Магамедов (Дагестан)
Канат Келдибеков (Кыргыз Республикасы) - Наби Ашурлаев (Дагестан)
70 килограмм салмакта
Абдисалам Кубанычбек уулу (Кыргыз Республикасы) - Тимур Абасов (Дагестан)
77 килограмм салмакта
Самат Эмилбеков (Кыргыз Республикасы) - Жамбул Чергешанов (Дагестан)
Нарис Сулайманов (Кыргыз Республикасы) - Шамиль Абусупянов (Дагестан)
80 килограмм салмакта
Киамран Аббасов (Кыргыз Республикасы) - Магомедрасул Зубаиров (Дагестан)
93 килограмм салмактам
Нурлан Токтобакиев (Кыргыз Республикасы) - Азиз Жуманиязов (Дагестан)