Түркия. Өлкө президентине сын айтып келген легендарлуу футболчу Хакан Шүкүр 4 жылга камалышы мүмкүн

Түркия курамасынын жана "Галатасарай" футболдук клубунун легендарлуу чабуулчусу Хакан Шүкүр өлкө президенти Тайип Эрдогандын жана анын уулунун дарегине айтылган сындары үчүн абакка камалышы мүмкүн. Бул маселе боюнча отурумдун убактысы жакында белгилүү болорун чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, экс-футболчунун адвокаттары Х.Шүкүрдүн социалдык тармактагы билдирүүлөрү Эрдогандын үй-бүлөсүнө багытталбаганын айтып чыгышты.

Эгер футбол боюнча 2002-жылкы Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынган экс-футболчунун күнөөсү далилденсе, ал 4 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бирок анын социалдык тармактагы кайсы билдирүүсү тууралуу сөз болуп жатканы азырынча белгисиз.

Кошумчалай кетсек, футболдук карьерасын жыйыштырган соң Шүкүр саясатка аралашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Patriot...kg
2016-02-25 09:25:44
Түркия коло тагынды беле 2002 жылы Дүйнө чемпиондугунда
0
nelya88
2016-02-25 09:39:53
Patriot...kg, ооба, алтын- Бразилия, кумуш- Германия, коло- Турция
+1
Patriot...kg
2016-02-25 10:00:50
nelya88, аа Рахмат
+1
salfego
2016-02-25 17:48:43
Бизде да ушундай болсо кана! А то байкуш президентибизди жамандап эле жатышат
! Же модератор банитетпейт аларды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан