25-февралга караган түнү футбол боюнча ири лига - Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычында 2 беттеш орун алды. Беттештин бири Голландиянын Эйндховен шаарында орун алса, экинчиси Украинанын Киев шаарында өттү. Бул күнкү беттештердин жыйынтыгында "Манчестер Сити" кийинки баскычтын жолдомосун дээрлик камсыздады.
Ал эми "Атлетико" атаандаштарынын 68-мүнөттөн тарта 10 футболчу болуп калганына карабай (Гастон Перейро майдандан четтетилди) эсеп катыштыгында алдыга чыга алган жок. Жыйынтыгында беттеш 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады.
"Динамо" (Киев, Украина) - "Манчестер Сити" (Англия) - 1:3
Голдор: Виталий Буяльский (59-мүнөттө) - Серхио Агуэро (15-мүнөттө), Давид Сильва (40-мүнөттө), Яя Туре (90-мүнөттө).
ПСВ (Голландия) - "Атлетико" (Испания) - 0:0
Ушул эле командалардын ортосундагы жооптук беттеш 15-мартта орун алат.