Тарыхта 25-ирет өткөрүлүп жаткан футбол боюнча өлкө чемпиондугуна быйыл 7 футболдук клуб катышат. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда КРнын Футбол федерациясынын имаратында орун алган иш-чаранын жүрүшүндө белгилүү болду.
Бул күнү каттоодон өткөн 7 командага атайын сертификаттар тапшырылды. ТОП-Лигада байгелүү орундар үчүн төмөнкү командалар күрөшмөкчү: "Алай" (Ош), "Дордой" (Бишкек), "Абдыш-Ата" (Кант), "Алга" (Бишкек), "Ала-Тоо" (Нарын), "Кара-Балта" (Кара-Балта), "Алдиер" (Куршаб).
Ошондой эле март айында баштала турган мелдештин 1-тур оюндары чүчү кулактын негизинде белгилүү болду. Кийинки турлардагы атаандаштар атайын системдин жардамы менен аныкталат:
"Алга" (Бишкек) - "Дордой" (Бишкек)
"Абдыш-Ата" (Кант) - "Алай" (Ош)
"Ала-Тоо" (Нарын) - "Кара-Балта" (Кара-Балта)
"Алдиер" (Куршаб) бул турда ойнобойт.