Баткенде 20 жаштагы кызды зордуктап, ал тууралуу видеону интернетке чыгарбоо үчүн андан 25 миң сом талап кылган жигит ага үйлөндү. Бул тууралуу SUPER.KG'ге бүгүн, 26-февралда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"Кыз жигиттин үстүнөн арыз жазгандан көп өтпөй алар үйлөнүп алгандарын кечээ билдиришти. Алардын айтымында, алар бири-бирин сүйүшөт экен. Буга чейин бул иш боюнча иликтөө жүрүп жаткан, эми алар үйлөнгөндүгүнө байланыштуу иликтөө токтотулат",- деп билдиришти аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан.
Айта кетсек, буга чейин 20 жаштагы Н.А. аттуу кыз милицияга К. аттуу жигит аны талаадан күч колдонуу менен зордуктап, уюлдук телефонун жана алтын сөйкөсүн алып кеткенин айткан. Кийин жигит ал тууралуу видеону интернетке чыгарарын айтып, аны "элге уят кылам" деп коркутуп жатканын билдирген.