Кыргыз бийчилери Москвада өткөн "Оникс Кубогу" мелдешинде 2 алтын, 1 күмүш медаль тагынышты

23-февралда Москва (Орусия) шаарында бий спорту боюнча "Оникс Кубогу" мелдеши орун алган. Мелдешке Кыргыз Республикасы, Армения, Орусия жана Казакстан сыяктуу мамлекеттердин спортчулары катышкан.

КРнын аталган спорт түрү боюнча федерациясынан кабарлашкандай, Александр Шефлер жана Амина Надирова жуптугу эки категория боюнча жарышка түшүп, биринде алтын, экинчисинде күмүш медаль тагынышты.

Латын Америка бийи боюнча жаштар арасында Рустам Резванов жана Олеся Володина жуптугу 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынышты.

Кыргыз бийчилери “Латын кварталынын Кубогу-2016" мелдешине да катышып, байгеге илинбей калышты. Ал мелдешке дүйнөнүн 24 өлкөсүнөн спортчулар катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gulya21
2016-02-26 15:07:54
Азаматтар
+3
Arslan12
2016-02-26 15:31:47
Акырындап Кыргыз мамлекетинин спорту дагы онугуп келе жатат буйруса, Азаматсынар!
+3
Tasma84
2016-02-26 16:20:19
Бут эле окелер го
Чамасы озубуздун командабыз дер адашып калбады бекен калыстар тобу
-1
ss90
2016-02-27 22:30:46
Оке болсо да, мекени Кыргызстан!!! Кыргызстандын атынан катышышты да?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан