Борбор калаада алдамчылык фактысына шектелип шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-февраль күнү милицияга арыз менен шаар тургуну кайрылган. Анда ал Абдул аттуу киши анын ишенимине кирүү менен 18 миң сом акчасын алып, изин суутуп кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Я.Ш. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.