Жалал-Абад облусундагы жол кырсыгында 3 жаштагы кыз оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу бүгүн, 29-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 26-февраль күнү таңкы саат 06:46 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 508-чакырымында болгон. Анда Мерседес-Гигант үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, каналга түшүп кеткен. Унаанын ичинде 7 адам болгон, 3 жаштагы Магида Э. оор жаракаттарды алып жандандыруу бөлүмүнө түштү. Ал эми 46 жаштагы Жаңыл У. кабыргасы сынып аймактык оорукананын сыныктар бөлүмүнө жеткирилген.