Акыркы 10 жылда Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору 8 ирет алмашкан

2005-жылдан 2015-жылга чейинки аралыкта Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору 8 ирет алмашкан. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Жалпысынан спортко жооптуу бул мекемени 1948-жылдан тарта 20 жетекчи башкарган. Эң узак мөөнөткө иштеген жетекчи катары Дөлөн Өмүрзаков белгилүү. Ал бул кызматты 1952-жылдан 1984-жылга чейинки аралыкта аркалаган.

Кошумчалай кетсек, 2015-жылы Жаштар иштери, эмгек жана миграция министрлиги жоюлуп, жаштар иштери боюнча бөлүм аталган агенттиктин курамына кошулган. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигин 2015-жылдын 1-июлунан тарта Шейшенкул Бакиров жетектеп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан