Кант шаарындагы үйлөрдүн биринен ротвейлер породасындагы ит 1 жаш 9 айлык кызды талап, кыз каза болуп калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 1-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя январь айында катталган. Анда саат 14:30 чамасында үйдүн короосунда ойноп жаткан кызды чынжырынан бошонуп кеткен ит талап, ички органдары катуу жабыркаган. Кичинекей кыздын кыйкырыгын жолдогу таксисттер угуп, үйдүн тосмосунан секирип түшүп жардамга келишкен. Аёоcуз тиштелген кыз оор жаракаттар менен "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилип, тилекке каршы, ал каза болуп калган.
SUPER.KG порталына белгилүү болгондой, кыздын ата-энеси ажырашып кеткен. Каргашалуу окуя болгон күнү кызды чоң атасы карап калган. Наристе итке таланып жаткан маалда чоң атасы мас абалда уктап жатканы маалым болду.