Бишкек-Торугарт унаа жолунда айдоочу жылкыны сүзүп кетип, унаа оодарылып, айдоочу жана 2 жүргүнчүсү жеңил жаракаттарды алды

Бишкек -Торугарт унаа жолунда айдоочу жылкыны сүзүп кетип, унаа оодарылып, айдоочу жана 2 жүргүнчүсү жеңил жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айылында орун алган. Анда Фольксваген үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочу жылкыны сүзүп, унаа оодарылып кеткен. Унаанын айдоочусу Изат Ү. жана жүргүнчүлөрү К. кызы Ажар, Бурдал И. жеңил жаракаттарды алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан