Ысык-Ата районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-февраль күнү Ысык-Ата РИИБине "Ленин көчөсүндө 30-35 жаштар чамасындагы күч колдонулуп өлтүрүлгөндүн белгилери бар адамдын денеси жатат" деген маалымат түшкөн. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 33 жаштагы А.А. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган. Учурда ал камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.