Крикет оюну 18-кылымда Англияда пайда болуп, кийин бул оюн аталган мамлекеттин улуттук оюндарынын катарын толуктаган. Крикет кийин Британия басып алган аймактарда кенен жайылган. Бүгүнкү күндө бул оюндун Англияда гана эмес, Австралия, Индия жана Пакистан сыяктуу мамлекеттерде көрүнүктүү орду бар.
Кыргыз жеринде аталган спорт түрү дээрлик ойнолбойт жана расмий мелдештер деле уюштурулбайт, бирок Бишкекте окуган айрым пакистандыктардын ойногонун көрүүгө болот. Бул сүрөттөрдө пакистандык студенттер Бишкектеги мектептердин биринин спорт аянтчасында ойноп жатканын көрө алабыз.
Эрежесине токтолсок, бул оюнду командага бөлүнүп ойношот. Анда болгону таяк жана топ колдонулат. Бир команданын өкүлдөрү 20 метр аралыкта туруп, таяк кармаган оюнчуга ыргытат. Бул учурда шардын бир ирет жерге тийип көтөрүлгөнү эске алынат. Таякчан оюнчу мүмкүн болушунча топту алыс ыргыта чапканга аракет кылат. Ал эми атаандаштары топту жерге түшүрбөй кармап калып, упай топтоого аракет кылышат.