Футбол боюнча 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында кыргыз футболчулары 29-мартта Тажикстанга каршы беттеш өткөрүшөт. Бул беттеш футболчуларыбыздын аталган тандоо турундагы акыркы беттеши болмокчу.
Тажикстандын Футбол федерациясы кабарлагандай, бул беттеште өзбек калыстары кызматта болушат. Башкы калыстын милдетин Азиз Асимов аркаласа, ага Руслан Серазитдинов жана Андрей Цапенко көмөктөшөт. 4-калыс болуп түркмөнстандык Алибек Сапаев дайындалса, инспектор бахрейндик Жассим Мохамед Абдулкарим болмокчу. Беттеш комиссары - ливандык Бачир Чафик Абдул Халек.