Ошто 9 баланын атасы жарандык никедеги аялын бычактап өлтүрүп, андан соң өз жанын кыюуга аракеттенди

Ошто 9 баланын атасы жарандык никедеги аялын бычактап өлтүрүп, өз жанын кыюуга да аракеттенди. Ал прокуратурага анын үстүнөн арыз жазганга бараткан аялын бычактап, өзү да жүрөгүнө бычак сайып өмүрүн кыюуга аракеттенген. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта SUPER KG порталына Ош ОИИБинин кызматкерлери билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 2-мартта саат 11:30 чамасында болгон. Анда 48 жаштагы О.Элмира аттуу аял күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазуу үчүн райондук прокуратурага бара жаткан. Прокуратуранын имаратынын жанынан 59 жаштагы жарандык күйөөсү менен аялынын ортосунда уруш чыгып, Д.М. аялынын бөйрөк жана өпкө тарабына эки жолу бычак менен сайып жиберген. Кийин коркуп кетип өзүн да жүрөк тушуна сайып, өзүн өлтүрүүгө аракеттенген. Жабырлануучу аял ооруканага жетпей жолдон каза болгон, ал эми Д.М. аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда анын абалы оор экени маалым. Бул факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Каза болгон О.Элмира аймактык дарыканада иштеп келген, анын артында 2 баласы калды. Ал эми кылмышка шектүүнүн 9 баласы бар экени жана ал пенсияда экени белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Shpionka
2016-03-03 15:33:07
Душманды алыстан издебе. Экоонуку тен туура эмес болуптур.
+7
Belek2070
2016-03-03 15:40:18
Shpionka, Мнеге туура эмес Д.М туура эле кылган ондуу.
-10
89elnura89
2016-03-03 15:47:13
Belek2070,Сен дагы маньяк окшойсун
+6
karona
2016-03-03 19:01:13
Belek2070, О Эльмира дейин деп адашып албадынбы ДМ деп?
+1
Munar8625
2016-03-03 15:55:35
belek. 89elnura89 урушпай талашкыла.
+2
Futuro
2016-03-03 16:05:33
Аябай курч иш экен.
Ыйманы саламат болсун, "Супер инфо"
Эмес "Крим Инфо"го өзгөртпөсөңөр болбойт окшойт. Маалымат маанай шатты ачайын десем эле үрөй учурган окуялар.
+12
huriza
2016-03-03 16:16:20
Myndai adamdarga katuu 4ara koldonboso bolboit.
+3
Inna_91
2016-03-03 16:29:48
Ар бир кылган куноолор жазасыз калбайт
+1
ulik-89
2016-03-03 17:55:55
Бул окуя Гулчодо болду
0
Nurtilek001
2016-03-03 19:43:01
Адамдар мыкаачы болуп баратат.
0
temirov76
2016-03-03 21:08:57
Кыргыздар не эле болуп баратабыз?
+1
KANAT85
2016-03-03 23:06:49
Супер инфо ушундай кирминалдуу жаңылыктарды башка баракчада окуйтурнан кылса жакшы болмок,соңку кабарлы окусаң маанайың чогот(((
+1
Kuba-savai87
2016-03-04 02:48:03
Алай районунун Гулчо айылында болуптур деп уктум жаны жаннаттан болсун
+1
Kroxa
2016-03-04 04:16:13
Акыр заман болооруна аз калды олуп,,олтуруп кырсык кобойду ....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан