Бүгүн, 3-мартта Бишкек шаарынын Курманжан датка жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде поезд 22 жаштагы борбор калаанын тургунун сүзүп кетти. Учурда жаракат алган жаран Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий борборунун жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган оорукананын башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди. Дарыгер учурда анын абалы оор экенин айтты. "Анын оң жагындагы 6 кабыргасы, буту сынып, мээси чайкалып калган",- деди ал.