5-мартта АКШда эрежесиз эр уруш боюнча UFC-196 мелдеши орун алат. Анда негизги беттештердин катарына 5 беттеш кирген. Күндүн башкы беттеши ирландиялык Конор Макгрегор менен америкалык Нейт Диастын ортосунда болсо, кыз-келиндер арасында негизги беттеште америкалык спортчулар Холли Холм менен Миша Тейт кез келет.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, кыргыз жеринен чыккан атактуу спортчу Валентина Шевченко да бул күнү 62 килограмм салмактык бөлүктө бразилиялык Аманда Нунез менен беттешет. Валентина уюштуруучуларга маек куруп, чоң максаттарды коюп жатканын айтты. "Беттешке мыкты мушташ көрсөтүү максатында чыгып жатам. 8 бурчтукта эмне кылуу керектигин жакшы билем. Албетте, мушташ маалында ойлоно албайсың, анткени бул жерде аз убакытта күтүлбөгөн окуя болуп кетиши мүмкүн",- дейт спортчу.
SUPER.KG порталына Валентинанын эжеси Антонина Шевченко төмөнкүлөрдү айтып берди: "Валентина беттешке жакшы даярдыкта, машыгуунун жүрүшү пландагыдай болуп жатат. Эртең салмакка түшүү аземи болот, азыр анда салмак куумай деген маселе жаралган жок. Даярдык Таиланддын Пхукет аралында машыктыруучу Павел Федотовдун жетекчилиги астында болду. Климатка көнүшүү үчүн беттеш өтө турган Лас-Вегас шаарына (АКШ) 10 күн мурун учуп келдик".
Ошондой эле алгачкы беттеште утуп алган Сара Кауфман менен реванш өткөрүүгө 100 пайыз даяр экенин айтат.