Кыргыз мушкери Азат Усеналиев Азия чөлкөмү боюнча февраль айындагы мыкты мушкер болуп табылды. Бул тууралуу Азия бокс конфедерациясынын расмий сайты маалымдайт.
Маалыматка ылайык, 52 килограмм салмакта рингге чыгып келген мушкер февраль айында Бишкекте өткөн Д.Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеште жеңүүчү аталган.
Мушкер 2015-жылы январь айында аталган конфедерация тарабынан мыкты мушкер болуп табылган. Ал кезде А.Усеналиев "Украиналык атамандар" клубунун курамында Дүйнөлүк бокс сериясына катышып жаткан.